Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

АКШ өкмөтү Пуэрто-Рикодо Зика вирусу кулач жая баштаганынан улам чукул кырдаал жарыялады. Дарыгерлер алты айда жарым аралда жашагандардын чейрек бөлүгү бул дартты жуктурушу ыктымалдыгын айтып, тынчсызданып жатышат. Бул тууралуу АКШ Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда азыр Пуэрто-Рикодо 10 миңден ашуун адам оору жуктурду. Арасында көбү кошбойлуу аялдар. Илдет жуккан алгачкы учурда эч кандай белги болбогондуктан, оорулуулардын саны мындан да көп деген божомолдор бар.

Пуэрто-Рико АКШнын башкаруусуна өз алдынча кошулган, бирок өзүнчө конституциясы бар мамлекет.

Башаты чиркейлерге барып такалган Зика вирусу эң көп жайылган чөлкөм -Түштүк жана Борбордук Америка өлкөлөрү.

Дарттын кесепетинен балдардын башы кичинекей болуп төрөлүп, мээси өспөй калат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG