Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Аргентина футбол курама командасынын эң мыкты оюнчусу саналган Лионел Месси командадан кетүү чечиминен кайтканын, эл аралык мелдештерде өз мамлекетинин намысын коргоого даяр экенин билдирди.

Июнда АКШда өткөн Америка кубогунда Аргентина Чили командасына утулуп калган. Андан соң Месси командадан кетерин жарыялаган эле.

Аргентинанын президенти Маурисио Макри миңдеген футбол күйөрмандарына кошулуп, футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Лионел Мессиден командадан кетпешин суранган.

“Америка кубогундагы жеңилүүдөн соң көп ойлондум. Командадан кетүү маселесин олуттуу талдап чыктым. Бирок мен мекенимди жана курама командамдын кийимин өтө жакшы көрөм”,- дейт 29 жаштагы Месси.

Ал Аргентина курамасында 113 оюн өткөрүп, 55 жолу гол киргизген. Профессинал футболду 17 жашында Испаниянын “Барселона” клубунда баштаган. Беш жолу “Алтын топ” сыйлыгын алган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG