Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:29

Ооганстанда “Ислам мамлекети” радикал тобунун турумдарына каршы өткөн айда АКШнын дрон учактарынан урулган соккулардан улам топтун жергиликтүү лидери Хафиз Саид Хан каза болду. АКШнын Коргоо министрлиги билдиргендей, Нангахар облусундагы согушкерлер 26-июлда бутага алынган.

Саид Хандын өлгөнү тууралуу Ооганстандын Пакистандагы элчилиги да маалымдады.

Мурда талиптердин корбашыларынын бири болгон Хафиз Саид Хан былтыр “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуп, аталган топ жарыялаган “Хорасан облусундагы” жоочуларга жетекчи болуп дайындалган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG