Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

“Жаңы толкун” ыр сынагына Кыргызстандан Нурсултан Азыкбаев катышат


Нурсултан Азыкбаев "Жаңы толкун" сынагынын Москвадагы тандоо турунда.
Нурсултан Азыкбаев "Жаңы толкун" сынагынын Москвадагы тандоо турунда.

Сочи шаарында сентябрда өтө турган эл аралык “Жаңы толкун” ыр сынагына Кыргызстандан Нурсултан Азыкбаев катышат. Ырчынын эжеси Нурайым Азыкбаева “Азаттык” радиосуна билдиргендей, ал ушул тапта Алматыда чыгармачыл адамдар менен сынакка даярданып жүрөт.

Маалыматка караганда, сынактын Москвада өткөн тандоо туруна 600 ырчы катышкан. Калыстар тобу алардын 16сын тандап алган. “Жаңы толкунда” күч сынашууга Кыргызстандан эле он бир ырчы арыз берген.

21 жаштагы Нурсултан Азыкбаев ыр-таймашта дүйнөлүк хиттердин бирин жана кыргыз тилиндеги “Аттиң ай” деген ырын аткарат. Андан тышкары орусиялык белгилүү артисттердин бири менен дуэт ырдайт.

“Жаңы толкун” 3-9-сентябрда Сочиде өтөт.

XS
SM
MD
LG