Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Рио-2016: АКШ, Кытай жана Улуу Британия алдыда келатат


Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан 31-Жайкы Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча АКШ алдыңкы орунда келатат. Америкалык спортчуларда азыр 61 медал бар, анын 24ү алтын.

Экинчи тепкичте 41 медаль менен Кытай турат. Алар 13 алтын медалга ээ болушту.

Үчүнчү орунда Улуу Британиянын спортчулары. Алар топтогон 30 медалдын 10у алтын.

Орусия курамасы 23 медал (6 алтын) менен алтынчы орунда келатат.

5-августта башталган олимпиада 22-августта бүтөт. Ага Кыргызстандан 19 спортчу барган. Алардын жарымынан көбү мелдештерге чыкты. Азырынча оор атлетчи Иззат Артыков гана коло медал алды.

XS
SM
MD
LG