Линктер

Муфтият ажыга барчуларга электрондук билерик жасатууда


электрондук билерик

электрондук билерик

Быйыл Кыргызстандан ажылыкка барган кишилер электрондук билерик тагынып жүрүшөт. Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги 2016-жылы заяратчыларга HC100 принтеринде жасалган билерик тагуу талабын койгон.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бардык мамлекеттерде билерик жасоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Муфтият аталган принтерди Москвадан алдырып, электрондук билерик жасата баштады. Ага ажылыкты уюштуруу штабынын коду, ар бир зыяратчынын паспорт номуру, мамлекетинин код-белгиси жана 24 саат иштеген телефон номурлар жазылат.

Электрондук билериктер ажылардын коопсуздугу үчүн керек. Алар кокус адашып же чукул кырдаалга кабылып калса, билериктин жардамы менен маалыматтары такталып, көмөк көрсөтүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG