Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Германия менен Орусия Сирия кризисин талкуулайт


Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер

Германиянын тышкы иштер министри Вальтер Штайнмайер орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен эртең 15-августта Екатеринбургда Сирия кризин талкуулайт.

Бул жолугушуу Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Орусияга болгон сапарынан кийин өтүп жатат. Өткөн жумада Эрдоган менен Путин Сирия кризин талкуулаган.

Франк-Вальтер Штайнмайер Сириянын түндүгүндө жайгашкан Алеппо шаарына чукул гуманитардык жардам керектигин 13-августта билдирген. Ал гумжардамды уюштуруу иштерин АКШ, Орусия, жана Бириккен улуттар уюму менен буга чейин да талкуулап келгенин кошумчалады.

Орусия буга чейин аба соккуларын күн сайын үч саатка токтотуп турууга макул болгонуна карабай, Алепподо кырдаал дагы эле курч бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG