Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Рио-2016: бүгүн кыргызстандык марафончулар да таймашка түшүшөт


Бразилияда өтүп жаткан Жайкы Олимпиада алкагында бүгүн кыргызстандык марафончулар Виктория Плюдина, Юлия Андреева, Мария Коробицкая таймашка түшөт. Алардын мелдеши саат 18:30да башталат. Кыздар атаандаштары менен 42 км 195 м аралыкка чуркашат. Бул таймашта жалпысынан 157 спортчу күч сынашат.

Ошондой эле бүгүн кечки саат жетиде кыргызстандык грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев Куба мамлекетинин балбаны, дүйнө чемпиону Исмаэл Борреро Молина менен беттешет.

31-жайкы олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу барган. Алардын жарымы мелдештерге чыкты. Азырынча оор атлетчи Иззат Артыков гана коло медал алды.

5-августта башталган олимпиада 22-августта аяктайт.

XS
SM
MD
LG