Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:39

Бразилияда өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында Кыргызстандын грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев 1/8 финалда Куба мамлекетинин балбаны, 2015-жылдагы дүйнө чемпиону Исмаэл Борреро Молина менен күч сынашып, утулуп калды.

Эралиев 59 килограммга чейинки салмактагылар арасында беттешке чыккан. Күрөштүн алгачкы үч мүнөтүндө кубалык балбан эки упайлык ыкма жасап алдыга чыкты. Кийинки айлампада Исмаил Борера дагы төрт упай алып, артыкчылыгын бекемдеди. Өз кезегинде Эралиев үч упайлык ыкманы аткарганы менен таймашка берилген убакыт аяктап, 6:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Эгер кубалык атаандашы финалга чыга турган болсо Эралиевге коло байге үчүн күрөшүүгө жол ача турган жооткотуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк ачылат.

31-Жайкы олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу барган. Алардын жарымы мелдештерге чыкты. Азырынча оор атлетчи Иззат Артыков гана коло медал алды.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG