Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Нью-Йорк: имамдын өлүмүнө нааразылар акцияга чыгышты


65 жаштагы имамды атып кеткен жердеги полиция кызматкерлери.
65 жаштагы имамды атып кеткен жердеги полиция кызматкерлери.

Ондогон адамдар 13-августтун кечинде шаардагы мечиттердин биринин алдына топтолушуп, коомдо мусулмандарды жек көрүү күчөгөнүнө нааразылык билдиришти. BBC тараткан кабарга ылайык, алар бул өңдүү көрүнүштөрдү токтотууну бийликтен өтүнүштү.

New York Daily News басылмасы чогулгандар АКШда исламды жек көрүүчүлүктүн күчөшүнө Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трампты айыптап жатканын жазып чыкты. Ал шайлоо алдындагы жолугушууларында исламга каршы көз карашын ачык айтып, мусулмандардын өлкөгө кирүүсүнө убактылуу тыюу салууну сунуштаганы белгилүү.

13-августта Нью-Йорктун Куинс районунда белгисиз адамдар 65 жаштагы имамды жана анын жардамчысын мечиттин алдынан атып кетишкен. Полиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.

XS
SM
MD
LG