Линктер

Германия Украинадагы кырдаалды ырбатпоого чакырды


Германия Орусия менен Украинаны Крымдагы соңку окуялардан кийин Донбасстагы чатакты ырбатпоого чакырды. Германия жарым аралдагы кырдаал боюнча эки тарап диалогго келет деп үмүт артып жатканын немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер билдирди. Анын айтымында, азыр тирешкен тараптарды эпке келтирүү аракети көрүлүүдө. Штайнмайер Москва менен Киевди Минск келишин сактоого да үндөдү. Бүгүн ал орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен Екатеринбургда жолугушат.

Анда орус-украин алакасы көңүл борбордо болоору күтүлүп жатат. Расмий Москва 10-августта украиналык диверсанттардын кармалганын жана алар Крымда теракт уюштурууну көздөгөнүн жарыялаган. Орус президенти Владимир Путин Киевди террор үчүн айыптап, Донбасстагы чатакты жөнгө салуу боюнча “норманд форматындагы” сүйлөшүүлөрдүн маңызы жоктугун айткан. Украина болсо Москванын айыптарын куру доомат катары баалап жатат.

XS
SM
MD
LG