Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

"Боко Харам" уурдап кеткен окуучулар жөнүндө видео интернетке тарады


"Боко Харам" тараткан видеодон алынган сүрөт
"Боко Харам" тараткан видеодон алынган сүрөт

Нигериядагы "Боко Харам" экстремисттик тобу эки жыл мурун уурдалган окуучу кыздар тартылган видео тасманы интернетке жарыялады. Видеодо мусулманча кийинген кыздар курал көтөрүп, беткап кийген адамдын жанында турушат. Ал адам бийликтен топтун камактагы мүчөлөрүн барымтадагы кыздарга алмаштырууну талап кылган. Ошондой эле кээ бир кыздар абадан урулган соккулар маалында өлгөнүн айтканы тасмада жазылган.

Аталган уюмдун согушкерлери 2014-жылы Нигериянын Чибок шаарында 300дөй окуучуну барымтага алышкан. Топтун лидери кыздар ислам динин карманып, алардын айрымдары качып кеткенин билдирген. Окуучуларды издөөгө АКШ, Улуу Британия, Франция жана башка өлкөлөр катышып, социалдык түйүндөрдө #BringBackOurGirls (Биздин кыздарды кайтарып бергиле) аттуу акциялар уюштурулган болчу.

"Боко Харам" БУУнун Коопсуздук кеңешинин террордук уюмдар тизмесине илинген. Алар Нигерияда шарият мыйзамын киргизүүгө умтулуп келишет. Былтыр “Боко Харам” “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топко кошулганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG