Линктер

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы кыймыл жер-жерлерде жыйындарды уюштурат


Бул тууралуу “Бийликти узурпациялоого жол жок!” деп аталган кыймылдын мүчөсү Нарын Айып “Азаттыкка” билдирди:

- Биздин пландар боюнча 31-августка чейин Бишкекте кеңейтилген жыйын болот. Анда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы аракеттер талкууланат. Эгемендик майрамынан кийин ушундай эле жыйындарды жер-жерлерде өткөрүүнү көздөп турабыз.

“Бийликти узурпациялоого жол жок!” деп аталган кыймыл 2-августта түзүлгөн. Ага оппозиция өкүлдөрү кирген. Алар Жогорку Кеңештеги Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгелер бийликтин өз ыйгарым укуктарын кеңейтип, аны узурпациялоо максатын көздөйт деп белгилешет.(ZKo)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG