Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Түркия тышкы иштер министри НАТОну сындап, ЕБди айыптады


Мевлют Чавушоглы.
Мевлют Чавушоглы.

Мевлүт Чавушоглу НАТО боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн айрымдарын аларга аскерий жабдуу сатуудан же чалгын маалыматтарын бөлүшүүдөн баш тартып жатканы үчүн сындаса, Евробримдикти Түркияны “кемсинтип” жатканы үчүн айыптады.

Чавушоглы Германиянын “Билд” гезитиндеги маегинде белгилегендей, мындай шартта Түркия “курал системаларын сатуу же сатып алууда башка өнөктөштөр менен кызматташууга милдеттүү”.

Бирок, ал Анкара НАТОнун “ эң чоң колдоочуларынын бири” бойдон калаарын, өлкөсү бул аскерий блоктон чыгышы мүмкүн деген жоромолду “Түркияга каршы чөйрөлөр” таратып жатканын баса белгиледи.

Түрк тышкы иштер министринин пикиринде, Евробиримдик Түркияны миграция кризисин жөнгөрүүдөгү ролунун ордуна убада кылынган визасыз каттоо мүмкүнчүлүгүн бербей “кемсинтүүдө”.

Чавушоглунун ырастоосунда, Түркия “Евробиримдикке кирүү шарттарын аткаруу үчүн жигердүү аракеттерди бир нече жылдан бери көрүп келди, бирок ордуна “коркутууларга, кордоого жана бардык жагынан тоскоолдуктарга” гана кабылып жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG