Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Спорт боюнча Арбитраждык сот орус спортчусун колдоду


Дарья Клишина.
Дарья Клишина.

Сот чечимине ылайык, орусиялык жеңил атлетчи Дарья Клишина Рио Олипиадасындагы мелдештерге кайра катыша ала турган болду.

Башында быйылкы Олимпиадага койо берилген орусиялык жалгыз жеңил атлетчини да мелдештерден жеңил атлетика боюнча федерациялардын Эл аралык ассоциациясы 13-августта убактылуу четтеткен эле.

Дарья Клишина мына ушул чечимди Спорт боюнча Арбитраждык сотко берген.

Орусиянын Спорт министри Виталий Мутко сот спортчуну колдошун кубаттады.

Жеңил атлетика боюнча федерациялардын Эл аралык ассоциациясы Клишинанын мелдештерге катышуусуна эмне үчүн тыюу салганын түшүндүргөн эмес, спортчу муну допинг жаңжалы менен байланыштырды жана өзү “таза” экенин далилдей алганын белгиледи.

Клишина - узундукка секирүү боюнча жеңил атлетчи, Рио Олимпиадасында аялдар арасында спорттун бул түрү боюнча мелдештер 16-августа башталат. (UE)

XS
SM
MD
LG