Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Стамбулда сот имараттары тинтилди


Түркиянын полициясы бүгүн Стамбулда, кеминде үч сот имаратын сот системасынын 173 кызматкерин кармоо боюнча буйрукту ишке ашыруу максатында тинтти.

Изделип жаткан сот кызматкерлери өткөн айдагы аскерий төңкөрүш аракетине катышы бар деп айыпталууда.

Түркияда аскерий төңкөрүш аракетине байланыштуу буга чейин кармалган 35 миңден ашуун кишинин 17 миңдейи расмий камакка алынды. Дагы он миңдеген киши жумуштарынан бошотулду.

Түркия бийликтери аскерий төңкөрүш аракетинин артында турган адам катары АКШда жашаган динаятчы Фетхулла Гүленди айыптап, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган.

Гүлен жана анын жактоочулары расмий Анкаранын мындай ырастоолорун четке кагып келет. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG