Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

Рио-2016: Кенжеев менен Рамонов атаандаштарын ута алган жок


Жанарбек Кенжеев.
Жанарбек Кенжеев.

Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында бүгүн грек-рим күрөшү боюнча балбандар Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов таймаштарга чыкты. Мелдеш Кыргызстандын убактысы боюнча кечки саат 7де башталды.

130 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашкан
Рамонов алгачкы квалификациялк беттеште орусиялык Сергей Семёнов менен таймашып, биринчи айлампада төрт упай менен алдыга чыккан. Экинчи айлампада орус балбаны төрт упайлык эки ыкманы удаасы менен аткарды.

Кыргыз балбанынын машыктыруучусу Азат Эркинбаев бул чечимге нааразычылыгын билдирип эки упайды жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк алды.

Андан соң Семёнов дагы эки упай алып артыкчылыгын бекемдеп, 8:4 эсебинде жеңишке жетип, кийинки айлампага чыкты.

85 килограммга чейинки салмакта таймашкан Жанарбек Кенжеев квалификациялык тандоо беттешинде германиялык Кудло Максимилян беттешти. Биринчи айлампада Кенжеев партерге турган кезде атаандашы оодарып, эки упай алып алдыга чыкты. Ал көрсөткүч экинчи айлампада да өзгөрбөй 2:0 эсебинде немис балбаны жеңишке жетип, кийинки айлампага чыкты.

Ошентип Кенжеев менен Рамонов Олимп оюндарындагы беттештерин жыйынтыкташты.

Буга чейин кыргызстандык грек-рим күрөшчүлөрдөн Арсен Эралиев 59 килограммга чейинки салмакта коло үчүн күрөштө өзбекстандык Элмурат Тасмурадовго утулуп, 5-орунду алган. 66 килограммга чейинки салмакта Руслан Царев 16-августта мелдештерин баштайт.

Кыргызстандан Олимп оюндарына 19 спортчу барган. Алардын жарымынан көбү мелдештерин жыйынтыктады. Азырынча оор атлетчи Иззат Артыков коло медал менен кайтты. (ECh)

XS
SM
MD
LG