Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Усэйн Болтпу же Майкл Фелпспи?


Усейн Болт
Усейн Болт

Бул суроо акыркы жылдары спорт сүйүүчүлөр арасында көп бериле баштады эле, эми Рио Олимпиадасында кайрадан кабыргасынан коюлду.

Экөө тең Олимпиадага келгенде бир нече алтын медалды моюнга илип кетишет. Айрыкча Майкл Фелпстин сыйлыгын санаган адам жаңылып калат. 31 жаштагы АКШ спортчусу баш-аягы 23 алтын медал алганга жетишти. Бул анын акыркы үч олимпиададагы алтын медалы эле, ал эми коло, күмүштөрүн кошкондо 28 медалды жалгыз башы менен утуп алды.

Риодогу мелдештен кийин Фелпс бул анын акыркы олимп оюну экенин айтып, мындан ары спорттон кете турганын билдирди. Бирок Фелпс мелдеш бассейнинде сүзбөй калганы менен атаандаштар алдыдагы жылдарда баары бир аны менен кармаша бермекчи.

Майкл Фелпс
Майкл Фелпс

Себеби Фелпстин рекорддору алигиче жаңыланбай, кыязы жакынкы жылдары да оңой менен анын убактысын спортчулар ашып өтө алчудай эмес.

Жел тамандан чаң чыкканда...

Сууда сүзүүдө элдин көңүлү Фелпстин аракеттерине кадалса, жеңил атлетикадан ямайкалык Усейн Болт өз падышалыгын улантып жатат. Олимпиадага чейин ал тууралуу эмне деген сөздөр гана айтылган жок. “Болт карыды”, “Болтту быйыл америкалык атаандашы Гэтлин утуш үчүн келди”, “Гэтлин атайын Болт үчүн төрт жыл тынбай машыкты” деген өңдүү сөздөр дүйнөнү дүрбөтүп турду.

Жеңил атлетиканын падышасы саналган жөө күлүктөр алгач 100 метрге чуркоого келгенде мыкты сегиз спортчунун катарында Болт менен Гэтлин дагы сызыкка келип турду. Кана эмесе Гэтлин утсаң эми утасың, болгондо да Болттун өзүн “мыш” кыласың. Стадион тыптынч, бардыгы тең калыстын белгисин күтүп жатат.

​Аңгыча "ТAРС!!!" - деп күткөн үн да жаңырды.

Мына кетти жөө күлүктөр. Гэтлин ордунан атырылганда легендарлуу Болт артта калды.

О-хоо, Болт көпчүлүк менен бирге, Гэтлин болсо алдына эч кимди салбай баратат. Арадан 50 метр өттү, марага дагы ушунча калды. Гэтлин дагы деле алдыда, бирок артынан бир караан жакындап келди. Бул Болт турбайбы. 70 метр артта калды Гэтлин менен Болт тең баратат. Бир маалда Болт алдыга озду. Жастин Гэтлин жүгүрбөй эле бир орунда тургандай, Болтту болсо шамал айдап бараткансыйт. Эми аны эч ким кубалап жете албай калды. Болт биринчи келерин көбү билген, 9,81 секундда марага жетти. Албетте, Болт мындан дагы жакшы убакытты көрсөткөн, бирок эң негизгиси дагы деле биринчи бойдон калууда.

Ямайкалык Болт биринчи келгенде кыргызстандык жердеш алтын уткандай жыргадым. Жеңишке бир гана Болттун атаандашы Жастин Гэтлин сүйүнгөн жок. Бул таланттуу спортчу өмүр бою экинчи болуу үчүн жаралгандай.

Ошентип Бээжин, Лондон жана Рио-де-Жанейродо Фелпс менен Болт бири суунун, бири кургактын падышасы болуп келатат. Олимпиаданы бул спортчуларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Өкүнүчтүүсү жылдар менен кошо ал-күч да кетип, жаңы спортчулар чыгат экен. Андыктан каалайбызбы же каалабайбызбы тирүү легендалар менен кош айтышчу жылдар алыс эмес. Көп күттүрбөй Майкл Фелпс менен чогуу Усейн Болт дагы ушул олимпиада ал үчүн акыркы экенин айтып, спорттон кетерин жар салды. Кантсе да ушундай спортчулар менен бир заманда жашап жаткандын өзү сыймык.

Болттун Риосу бүтө элек

Алдыда Болт 200 метрге чуркоо жана 4х100 боюнча эстафетасы бар. Бирок дүйнө жүзү Усэйн Болт быйылкы Олимпте дагы деле табында экенин көрүп коюшту. Олимпиаданын жетинчи алтын медалы буга далил болбой эмне? Анын үстүнө дүйнөдө бир дагы спортчу үч жолу катары менен жеңил атлетиканын падышасы аталган спринттик бөлүктү уткан эмес. Азырынча бул рекорд Болтто эле бар.

Атаганат, Болт менен Фелпс экөө бир спорттон болгондо, экөөнүн кимиси мыкты экенин жарыштырып туруп, аныктап коёр элек. Бирок Фелпс сүзгөн жерде Болт жок же тескерисинче... Экөөнү тең мындан ары Олимп оюндарында көрбөйбүз, экөө тең өздөрүнүн спортунда дүйнө рекорддору менен чогуу, өзүнө атаандаш таппай, өзүнө өзү атаандаш болуп кетип баратат.

Албетте, медалдардын саны боюнча Фелпске Болт эч качан жетпейт, бирок Болтту Фелпс жөө кубалашмайдан жетпеси анык. Ошондуктан жөнөкөй көрөрмандар Болт менен Фелпсти салыштыра келгенде эч качан бир жоопту ала албайт. А сиз өзүңүзгө ушундай суроону бердиңиз беле, Усэйн Болтпу же Майкл Фелпспи? "Экөө эки башка спортто жүрсө кантип салыштырам" - деп жатсаңыз анда башка суроо берейин: Мессиби же Роналдубу?

XS
SM
MD
LG