Линктер

Бакунун соту журналист Исмаилованы өлкөдөн чыгарбоо чечимин колдоду


Хадижа Исмаилова

Хадижа Исмаилова

Азери сотунун иликтөөчү журналист Хадижа Исмаилованын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган чечимин 15-августта аппеляциялык баскычтагы сот да колдоду.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташкан жана бир катар эл аралык сыйлыктарды алган журналист Хадижа Исмаилова 2014-жылы декабрда камакка алынган.

Кийин ал салыктан качкан, мүлктү мыйзамсыз жол менен өзүнө ыйгарып алган деген өндүү айыптар менен жети жарым жылга түрмөгө кесилген.

Бирок эл аралык коомчулуктан айтылган сындардан кийин быйыл май айында Азербайжандын Жогорку соту өкүмдү үч жарым жылдык шарттуу жаза менен алмаштырып, журналистти абактан чыгарган.

Шарттуу абак жазасынын мөөнөтү ушул айдын башында эки жыл үч айга түшүрүлгөн.

Исмаилова өзү жана аны жактоочулары сот өкүмдөрүнүн саясий жүйөсү бар деп эсептешип, муну ириде журналисттин президент Илхам Алиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн тикелей байланышы бар коррупциялык иштерди иликтөөсүнө байланыштырышат. (UE)

XS
SM
MD
LG