Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Боом капчыгайында унаа каттоосуна убактылуу чектөө киргизилет


Боом капчыгайы.
Боом капчыгайы.

Бүгүн Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө атайлап таш түшүрүү иштери башталат. Транспорт жана жолдор министрлиги билдиргендей, мындай иш-аракет 25-августка чейин эртең мененки саат 9дан 15.00гө чейин жүргүзүлөт. Аталган каттамдын 131-чакырымында таш аттыруу иштери учурунда автоунаалардын кыймылы убактылуу токтотулат. Тазалоо маалында бир тараптан өтүүгө уруксат берилет.

Боом капчыгайына акыркы кезде таш көп түшүп жатат. 30-июлда 142-143-чакырымдарда “Хонда Степ” үлгүсүндөгү автонунаага таш кулап, бир адам каза тапкан. Боомдо жаан жааган сайын суу каптоолор да болуп, таш кулаган учурда автоунаалардын узак тыгыны жаралууда. Айрым эксперттер Боомдогу кырсыктарды жолдун чала бүткөнү менен байланыштырып келишет.

Бишкек – Нарын – Торугарт жолун оңдоо иштери 2010-жылы башталып, былтыр аяктаган. Долбоордун жалпы баасы 438 миллион долларды түзүп, аны негизинен Азия өнүктүрүү банкы каржылаган. Кытайлык China Road компаниясы ишке ашырган курулуштун сапатын Транспорт министрлиги текшерип, кабыл алган. (NT)

XS
SM
MD
LG