Линктер

Түркия качкындар боюнча келишимден чыгарын эскертти


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Евробиримдик түрк жарандары үчүн визасыз режим киргизүүдөн баш тартса, өз өлкөсү качкындар боюнча келишимден чыгарын кайталады. Ал виза режимин жоюу Евробиримдик менен түзүлгөн качкындар боюнча келишимдин бир бөлүгү экенин эскертип, аны тез арада аткарууну талап кылды.

Өз кезегинде Евробиримдик расмий Анкара визасыз режимди жоюу боюнча башкы шарттарды аткарбаганын, маселен террорчулукка каршы мыйзам өзгөрүүсүз калганын,Түркия бийлиги аны саясий атаандаштарына каршы колдонуп жатканын айтып келет.

ЕБ-Түркия ортосунда мартта жетишилген келишимге ылайык, Жакынкы Чыгыштагы согуштан качкан элди аймагында кармап туруу үчүн Түркияга үч миллиард доллардан ашуун евро убада кылынган. Буга жооп иретинде Түркиялыктар Шенген аймагына визасыз каттап калышмак.

XS
SM
MD
LG