Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Москвадан алып келинген наристелер жайгаштырылды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Үч айдан маалына жетип калган наристелерден баш тарткан энелер Кыргызстандын жарандары. Алардын үчөө Токмоктогу адистештирилген балдар үйүнө, үчөө Бишкектеги балдар үйүнө жайгаштырылды. Социалдык өнүктүрүү министрлигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, учурда балдардын туугандарын издөө иштери жүрүүдө. Эгер биологиялык жакындары табылбаса, балдарды асырап алуучу ата-энелер изделет.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги буга эң ириде расмий никенин жоктугу, энелердин туруктуу иши жана жашаган орду жоктугу негизги себеп болгонун маалымдайт. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ымыркай туулган кезде анын энеси Кыргызстандын жараны болгондуктан, наристелер да Кыргызстандын жараны болуп саналат.

Жыл башынан бери Москвадан сегиз наристе апкелинген. Ал эми акыркы беш жылда Орусиядагы балдар үйлөрүнө калтырылган 58 бала Кыргызстанга кайтарылды. Алардын ичинен 33 баланы асырап алышкан, жети наристени туугандары алып кетишкен. 18 бала балдар үйлөрүндө.

2014-жылдан бери чет мамлекеттерде калтырылган балдарды алып келүү үчүн бюджеттен атайын каражат бөлүнгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG