Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Укук коргоочу Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы пикетке чыгарын эскертти


Турсунбек Акун

Турсунбек Акун

Кыргызстан демократиялык кыймылынын башчысы Турсунбек Акун 16-августта маалымат жыйын өткөрүп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршылыгын билдирди. Укук коргоочу Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси элден эмес, бийлик тараптан чыгып жатканын айтып, 2010-жылы жалпы референдумда кабыл алынган Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөө боюнча мораторий да эске алынбай жаткандыгына нааразылыгын билдирди. Турсунбек Акун бийликтин мыйзамсыз аракеттери жер-жерлерде элди көчөгө алып чыгарын эскертти. Анын айтуусунда, Кыргызстан демократиялык кыймылы бийликти референдум өткөрбөөгө, ага сарпталуучу каражатты социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшоону үндөөдө.

Парламенттеги төрт фракция Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөргөн. Оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана “Ата Мекен” фракциясы Конституцияны өзгөртүү бийликти узурпациялоого жол берет деп эсептешет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG