Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

Президент Атамбаев Кыргызстан Эл ассамблеясынын төрагасы Мамытовду кабыл алды


Жолугушууда мамлекет башчысы ассамблеянын ишмердиги тууралуу маалыматты укту. Токон Мамытов этно-маданий борборлордун мамлекеттик органдар менен чогуу иш алып баруусун өркүндөтүү, Кыргызстанда жашаган улуттардын укуктарын камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, эл биримдиги жана улуттар аралык мамилелердин концепциясын ишке ашыруу тууралуу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев азыркы тил жана маданий көп түрдүүлүк принциптерине негизделген заманбап демократиялык коом курууда Кыргызстан Эл ассамблеясынын өзгөчө маанисин белгиледи.

Жолугушуу иштиктүү өткөнүн президенттин маалымат кызматы билдирди.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG