Линктер

Бул тууралуу "Азаттыкка" ӨКМдин облустук башкармалыгынын жетекчиси Замир Жумагазиев билдирди. Анын айтымында, бүгүн түшкү саат 1лерде нөшөрлөгөн жаандан улам Чолпон-Ата шаарында сел жүрүп, 70тей турак жайды каптаган. Шаардын жогору жагындагы Тогуз-Булак сел өткөрүү каналына суу ташкындап, сыртка каптап кеткен.

Сел Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборун да каптап кеткен.

Азыркы учурда жарандык коргонуу кызматтары иштеп жатат дейт Замир Жумагазиев. (AsM)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG