Линктер

Аба ырайы: бийик тоолуу аймактарда кар жаайт


Синоптиктердин маалымдашынча, 17-18-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 18-23 метрге жетет. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Ошондой эле 16-17-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

17-августта Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16,күндүз24…29 градус ысыйт.

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28 градус ысык болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 17…22 градус,

Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус ысык болот.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 16…21 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 3…+2, күндүз 6…11 градус жылуу болот.

17-августта Бишкек шаарында жаан-чачын болуу ыктымалдыгы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 13…15°, күндүзгү температурасы 26…28° жылуу болушу күтүлөт.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын түнкү температурасы 12…14°, күндүзгү температурасы 19…21° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG