Линктер

Азербайжандын Башкы прокуратурасы бозгундагы түрк оппозиционери Фетхуллах Гүлендин бул өлкөдөгү тарапкерлерине карата кылмыш иш козгоду.

​"Түркияда мамлекетик төңкөрүш аракети үчүн айыпталып жаткан Фетхуллах Гүлендин тарапкерлеринин Азербайжандын аймагында мыйзамсыз аракеттерин алдын алуу максатында кылмыш иш козголду" деп билдирди Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Элдар Султанов.

Анын айтуусунда, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бирок кармалгандар жана аларга тагылган айып боюнча маалымат жок. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG