Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:16

Бүгүн, 16-августта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жатан XXXI жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык грек-рим күрөшчү Руслан Царев мелдештерин баштайт. 66 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашкан Царев биринчи беттешинде, 1/8 финалда 2014-жылдагы Африка чемпиондугунун жеңүүчүсү алжирлик Бенаисса Тарек Азиз менен күч сынашат. Бул таймаштар Бишкек убактысы боюча саат 19:24тө башталат.

Аталган салмакта Олимп оюндарынын байгеси үчүн 18 балбан күч сынашат. Алардын арасында 2008-жылдагы Олимпиаданын жана 2009-жылы дүйнөнүн чемпиону болгон орусиялык Ислам Бека Альбиев , 2015-жылдагы дүйнө чемпиону азербайжандык Расул Чунаев, дүйнөнүн, Азиянын жана Азия оюндарынын чемпиону кореялык Рю Хан Су, Биринчи Европа оюндарынын вице-чемпиону армениялык Мигран Арутюнян, 2015-жылдагы дүйнө чемпиону германиялык Франк Штеблер, 2014-жылдагы дүйнө чемпиондугунун коло байгесин уткан литвалык Эдгарас Венцскайтис, 2014-жылдагы дүйнө чемпиону сербиялык Давор Штефанек, 2011-жылдагы дүйнөнүн жана 2012-жылдагы Олимп оюндарынын жеңүүчүсү Омид Хаджи Норузи, 2012-жылдагы Олимп оюндарынын күмүш байгесин уткан венгриялык Тамаш Лёринц бар.

Руслан Царев Кыргызстандын беш жолку чемпиону. Эл аралык класстагы спорт чебери. 2014-жылы Азиянын чемпиондугун уткан. Кийинки жылдары катары менен күмүш жана коло байгенин ээси болгон. Ушул жылдын май айында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн дүйнөлүк лицензиялык мелдеште күмүш байге алып, Олимп оюндарына жолдомо алган.

Буга чейин кыргызстандык грек-рим күрөшчүлөр Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов Олимп оюндагы беттештерин жыйынтыкташкан. Эралиев 59 килограммга чейинки салмакта коло үчүн күрөштө өзбекстандык Элмурат Тасмурадовго утулуп, 5-орунду алган (ECh).

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG