Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Рио-2016: балбан Руслан Царев чейрек финалга чыкпай калды


Бүгүн, 16-августта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жатан XXXI жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык грек-рим күрөшчү Руслан Царев мелдешке чыкты. 66 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашкан Царев биринчи беттешинде, 1/8 финалда 2014-жылдагы Африка чемпиондугунун жеңүүчүсү алжирлик Бенаисса Тарек Азиз менен күч сынашып, 6:0 эсебинде жеңилип калды.

Алжир өкүлү чейрек финалда 2015-жылдагы дүйнө чемпиону азербайжандык Расул Чунаевге 2:10 эсебинде жеңилип калгандыктан Царев мелдештерин байгесиз жыйынтыктады.

Эгер алжирлик балбан финалга чыгып калса Царевго жооткотуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк ачылмак. Эгер ал таймашты утса коло үчүн күрөшүүгө шарт түзүлмөк.

Буга чейин кыргызстандык грек-рим күрөшчүлөр Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов Олимп оюндагы беттештерин жыйынтыкташкан. Эралиев 59 килограммга чейинки салмакта коло үчүн күрөштө өзбекстандык Элмурат Тасмурадовго утулуп, 5-орунду алган.

Эртең, 17-августта кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмакта күчүн сынайт. Кыргызстандан Олимп оюндарына 19 спортчу барган. Алардын жарымынан көбү мелдештерин жыйынтыктады. XXXI Олимп оюндарында азырынча Кыргызстандын эсебине оор атлетчи Иззат Артыков коло байгени алып келди. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG