Линктер

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Рио-де-Жанейродогу жайкы Олимп оюндарында мелдешке катышууга даярданып жаткан эркин күрөшчү Айаал Лазаревге сейилдеп жүргөнү тартылган видеону интернетке жарыялаганы үчүн эскертүү берди.

Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Канат Аманкулов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, спортчулардын машыгуудан кийин эс алууга укугу бар жана Лазаревдин океандын жээгинен видео тартып, интернетке жүктөгөнү эреже бузууга жатпайт:

- Баары машыктыруучулардын планы боюнча эс алат. Бирок коомдо катуу талкуу жаралгандыктан ага эскертүү берилди.

Эркин күрөш боюнча 125 килограммга чейинки салмакта күч сынашууга даярданып жаткан Айаал Лазарев 14-августта инстаграммдагы баракчасына океан жээгинен тартылган 25 секунддук видео жана сүрөт жайгаштырган. Ал тасма интернетке тарап, социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Айрымдар Лазарев машыкпай эле эс алып жүрөт деп сындаса, кээ бир күйөрмандар спортчулар сөзсүз сейилдеши керектигин билдиришкен.

Якутиядан келип, Кыргызстандын атынан 2009-жылдан бери эл аралык мелдештерде катышып жүргөн Айаал Лазарев 20-августта күч сынашат.

Ал Астанада өткөн азиялык лицензиялык мелдеште коло байге алып Риого жолдомону ала албай калган. Кийин Европалык лицензиялык мелдеште Олимп оюндарына жолдомо уткан балбандардын канынан тыюу салынган дары-дармек табылып, жолдомолордун бири азиялык лицензиялык мелдеште коло уткан Лазаревге берилген. 2015-жылы Азия чемпиону болгон. Ага чейин эки жолу бул мелдештин коло байгесин уткан. (ECh)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG