Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Тажикстан: камактагы оппозициячылардын бири каза тапканы кабарланууда


Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлеринин бири, 73 жаштагы Курбон Манноновдун өлүмү тууралуу “Озодагон” сайты жазып чыкты.

Бирок расмий Дүйшөмбү муну ырастай элек. Маннонов “Ислам мамлекети” террордук тобун колдойт деген күнөө менен камалган. Ал Ислам кайра жаралуу партиясынын Нурактагы бөлүмүн жетектеген. Былтыр августта аны менен бирге партиянын он эки өкүлү камакка алынып, он жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Расмий Дүйшөмбү Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүн мурдагы коргоо министри Абдухалим Назарзоданын куралдуу тобу менен бирге бийликти кулатууну көздөгөн деп айыптап келет. Чет мамлекетте качып жүргөн партия лидери Мухиддин Кабири бул айыптар менен макул эмес.

XS
SM
MD
LG