Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

ӨКМ: Чолпон-Атадагы селге жергиликтүү бийликтин кайдыгерлиги себеп


Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы суу каптоолор арыктардын жоктугунан келип чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Элмира Шерипова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, буга чейин жергиликтүү бийликке арыктарды казуу жана табийгат кырсыктардын алдын алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушу берилген. Министрлик 2010-жылы сел өтүүчү каналдарды орнотуу боюнча атайын долбоор иштелип чыккан.

-Аны ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек болчу. Маселен, кээ бир бак-дарактарды кыюу, электр линияларын жылдыруу маселелери чечилиши керек эле. Бирок ал толук чечилбегендиктен, долбоор жүзөгө ашпай турат.

Чолпон-Ата шаарында 16-августта нөшөрлөгөн жаандан улам Тогуз-Булак каналынан суу ташып, 70ке жакын турак жайды, кафелерди сел каптаган. «Рух Ордо» маданий борборун да каптап, олуттуу зыян келтирилген. Азыр келтирилген зыяндын көлөмү аныкталып жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG