Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Мекендешин барымтага алган түрк жараны кармалды


Ал мекендешин уурдап кетип, 500 миң доллар талап кылууну көздөгөн. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, ал мекендешин кармап, Баткен облусу аркылуу Тажикстанга, андан ары Ооганстанга чыгарып кетүүнү, ал жактан ишкердин өмүрү үчүн 200 миңден 500 миң долларга чейин акча алууну көздөгөн. Максатын ишке ашыруу үчүн ал 14-август күнү мекендешин үйүнүн жанынан кармап, өзүнүн унаасына салып кеткен. Көп өтпөй, ИИМдин атайын операциясынын негизинде барымтага алынган ишкер бошотулган. Ал эми аны уурдап кетип, сатууну көздөгөн жаран камакка алынды. Автоунааны тинтүү учурунда бычак, балта жана жип табылган.

Бул иш боюнча “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу түркиялык жарандардын аты-жөнү ачык айтылбайт деп маалымдайт ИИМдин басма сөз кызматы.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG