Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Мамлекеттик ипотека үчүн 26 миң сомдук маяна болушу керек


Мамлекеттик “Жеткиликтүү турак-жай” программасы боюнча турак-жай сатып алууну көздөгөн кыргызстандыктардын айлык кирешеси 26-45 миң сомдун тегерегинде болууга тийиш. Мамлекеттик ипотека компаниясынын кызматынан пайдаланган бишкектиктер ай сайын 19 миң сомдон ашуун акча төгүп туруу үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 46 миң сом болушу керек болсо, Ош шаарынан турак-жай алгандардын жалпы кирешеси айына 36 миң сом болууга тийиш. Ал эми Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облусунда жашагандардын орточо киреше акчасы 28 миң сомдун айланасында болушу керек. Анткени, ипотекалык насыя берүүдө үй-бүлөнүн жалпы кирешеси жана чыгашасы да саналат.

Кыргыз өкмөтү “Жеткиликтүү турак-жай” программасын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниясын түзгөн. Бул компания бюджеттик мекемелерде иштегендерге арзан турак-жай куруу үчүн 10 жылдан ашык убакытка ипотекалык насыя берүү каралган. Коомчулукта бул шарттар мамлекеттик кызматкерлерге ыңгайсыз деген пикирлер арбын.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, 2016-жылы Кыргызстанда орточо айлык акы 20,8 миң сом. Ал эми статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы орточо айлык 12 848 сомду түздү.

Ипотекалык компания ишин баштагандан бери 89 кишиге мамлекеттик ипотека берилген. Жалпы насыянын көлөмү 85 млн сомду түзгөн.

XS
SM
MD
LG