Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

Асанов менен Кадыровдун иши сотко ашырылды


Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов
Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов

УКМК тергөө абагында жаткан оппозиционерлер Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун тергөө иши аяктап, сотко ашырылганын алардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, оппозиционерлердин иши Биринчи Май райондук сотунда каралат. Азырынча так күнү белгисиз.

Оппозициялык саясатчылар - "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 24-мартта камакка алган. Ага 22-мартта оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү делген эки аудио тасманын интернетте тараганы себеп болгон. УКМК бул аудио мурда козголгон кылмыш иштин негизинде жаздырылган аудиотасма менен дал келерин айткан.

Ал эми сүйлөшүүгө катышкандар бийликти күч менен басып алууга камынып жатат деген дооматтарды четке кагып, муну каралоо деп билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG