Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Түркияда төңкөрүш аракетине чейин кесилген 38 миң адам эркиндикке чыгарылат


Эркиндикке 2016-жылдын 1-июлуна чейин оор эмес кылмыштар үчүн камалгандар чыгарылат. 
Эркиндикке 2016-жылдын 1-июлуна чейин оор эмес кылмыштар үчүн камалгандар чыгарылат. 

Түркия өкмөтү кабыл алган жаңы токтомго ылайык, 16-июлга караган түнү болгон төңкөрүш аракетине чейин абакка кесилген 38 миң адам бошотулат. Бул тууралуу өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына өлкөнүн юстиция министри Бекир Боздаг жазды. Ал кабыл алынган чечим мунапыс дегенди эмес, мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу дегенди билдирет.

Эркиндикке 2016-жылдын 1-июлуна чейин оор эмес кылмыштар үчүн камалгандар чыгарылат.

16-июлга караган түнү болгон төңкөрүш аракетинен кийин бийлик жапырт тазалоону баштаган. Мунун жыйынтыгында 17 миң адам камалып, 76 миңдей мамлекеттик кызматкер, сот жана коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү кызматынан четтетилди. Бийлик ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинин артында АКШда бозгунда жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Гүлен өзү айыптоолорду четке кагып, эгер анын күнөөсү далилденсе өз ыктыяры менен Түркияга кайтып, колго түшүп берерин айтып келет. Өлкөдө динаятчынын тарапкери делгендерди камоо дале болсо уланууда.

XS
SM
MD
LG