Линктер

Москва мэриясы оппозициянын ГКЧПнын 25-жылдыгына карата боолгоп жаткан акцияларына уруксат берген жок. Бул туураалуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, “Адам укуктары үчүн” кыймылынын лидери Лев Пономарев билдирди.

“Эхо Москвы” радиосунун сайтына жазган блогунда укук коргоочу оппозиция мурдагы жылдардай эле Москва мэриясын 20-22 август күндөрү Горбатый көпүрөсүнөн Жаңы Арбатка чейин жүрүш жасап, “Эркин Орусиянын коргоочулары” белгисинин жанына гүл чамбар коюп, Орусиянын туусун көтөрүү иш-чарасын өткөрүү үчүн кабардар кылган.

Ал эми шаар бийликтери көчөлөрдө жүрүп жаткан оңдоп-түздөө иштерине жана Орусиянын мамлекеттик туусунун күнүнө уюштурулган расмий иш-чаралардын көптүгүнө байланыштуу Сокольники жана Суворов аянтында гана митинг өткөрүүгө уруксат берген.

Акциянын дагы бир уюштуруучусу, ПАРНАСтын өкүлү Михаил Шнейдер Москва бийликтеринин сунушун “шылдыңдоо” деп билдирди. Орусиянын мамлекеттик туусунун күнүнө карата жүрүштөргө мурда деле тыюу салынып келген, бирок буга чейин митингдерди өткөрүүгө жол тосулган эмес.

XS
SM
MD
LG