Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Екатеринбургдагы консулдук экстремизмге шектелип кармалгандар боюнча ФСБга кайрылды


Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугу бир нече күн мурун экстремизмге шектелип кармалгандардын ичинде кыргызстандыктар бар-жогун тактоо өтүнүчүн Федералдык коопсуздук кызматына жолдоду. Бул тууралуу Екатеринбургдагы консул Нургүл Токтосунова “Азаттыкка” билдирди:

- Биздин сурообуз боюнча азырынча маалымат келе элек. Эгер кыргызстандыктар бар деген маалымат келсе, биздин юристтер барып, кармалгандардын акыбалы менен таанышат. Азыр маалымат келе элек, күтүп жатабыз.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы өзүнүн сайтына Екатеринбургда "Ислам мамлекети" террордук тобу менен байланышы бар деп шектелген 59 киши кармалганын маалымдаган. Жергиликтүү басылмалардын маалымдашынча, алар негизинен Борбор Азиядан барган мигранттар. Арасында Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандары бар деп жазган “Тагильский рабочий” басылмасы.

ФСБ кармалгандар "Рохнамо ба суи давлати исломи" деп аталган эл аралык интернет-коомчулугунун мүчөлөрү болуп чыгышканын маалымдап, аталган коом террордук идеологияны жайылтып, экстремисттик ИМ тобуна жаңы согушкерлерди азгыруу менен алектенип жүргөн деп жарыялаган.(LzT;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG