Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Азиз Канатбек кызматынан бошотулду


Азиз Канатбек
Азиз Канатбек

Азиз Канатбекти Миграция кызматынын статс-катчылыгынын милдетин аткаруучу кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Азиз Канатбекти бул кызматка бекитүүгө мурдараак Башкы прокуратура каршылыгын билдирген. Көзөмөл органдын пикиринде, анткени Канатбек Азиздин дайындалышында мыйзам бузуулар орун алган. Ошондуктан Кадр кызматы Миграция кызматынын статс-катчылыгына июль айында жаңы сынак жарыялаган.

"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Азиз Канатбек статс-катчынын милдетин аткаруучу болуп, 2015-жылы декабрда дайындалган. Ага чейин "Ата Мекен" партиясынын атынан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG