Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Риодо Европалык Олимпиада комитеттеринин башчысы камалды


Европалык Олимпиада комитеттеринин башчысы Патрик Хики.
Европалык Олимпиада комитеттеринин башчысы Патрик Хики.

Европалык Олимпиада комитеттеринин башчысы Патрик Хики Олимп оюндарына мыйзамсыз билет сатуу иши боюнча Рио-де-Жанейродо камакка алынды.

71 жаштагы Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөсү билеттерди кымбат сатуу максатында мыйзамсыз жол менен алып-сатарларга өткөрүп берген деп шектелүүдө.

Бир күн мурда Риодо мыйзамсыз жол менен 800дөй билет сатып жүргөн адам кармалган. Жергиликтүү полициянын маалымдашынча, кармоо маалында Хики качып кетүүгө аракет кылган.

Европалык Олимпиада комитети - Европанын ондогон улуттук олимпиада комитеттеринин башын бириктирген уюм.

XS
SM
MD
LG