Линктер

Рио-2016: Тыныбекова алгачкы атаандашын утту


Айсулуу Тыныбекова жарым чейрек финалда Жойс Силваны 11:8 эсеби менен утуп алды

Айсулуу Тыныбекова жарым чейрек финалда Жойс Силваны 11:8 эсеби менен утуп алды

Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында бүгүн спортчу Айсулуу Тыныбекова беттештерин жеңиш менен баштады. 58 килограммга чейинкилер арасындагы күрөштө Тыныбекова биринчи беттешинде, 1/8 финалда бразилиялык Жойс Силва менен күч сынашып 11:8 эсебинде жеңишке жетти. Эми ал чейрек финалда 2015-жылдагы дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси финляндиялык Петра Олли менен таймашат.

Айсулуу Тыныбекова

Айсулуу Тыныбекова

Айсулуу Тыныбекова быйыл апрель айында Астанада өткөн азиялык лицензиялык мелдеште алтын байге алып Олимп оюндарына жолдомо алган. Финалдык таймашта монголиялык Орхон Пуревдоржду 10:5 эсебинде жеңген эле. Тыныбекова өзбекстандык, вьетнамдык жана түндүк кореялык атаандаштарын утуп финалга чыккан.

Айсулуу Тыныбекова ушул жылдын февраль айында Таиланддын Бангкок шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын медал тагынган.

Быйыл ал экинчи жолу Олимп оюндарында күчүн сынады. 2012-жылы Астанада болгон лицензиялык мелдеште Лондон олимпиадасына жолдомо алып, ал мелдеште 63 килограммга чейинки салмакта таймашкан. Биринчи беттешинде швециялык Хенна Юхенсонго жеңилип байгеден кур калып, 14-орунду алган. Олимпиадага бара турган жылы жаз айларында 17 жаштагы кызды сабаган деп айыпталган. Ал иш сотко өтүп үч айга жакын убакыт соттук териштирүүлөр орун алып машыгуулардан алагды кылган.

Айсулуу уткан байгелер:

Айсулуу Тыныбекова 2013-жылы жаштар арасында Азия чемпиону болгон. Ушул эле жылы чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда дагы коло медалды тагынган. Ошондой эле Орусиянын Казан шаарында өткөн дүйнөлүк Универсиадада 3-орунду алган.

2014-жылы ноябрь айында АКШда өткөн New York Open-2014 эл аралык мелдешинде жеңишке жеткен.

2015-жылы Азербайжандын Баку шаарында өткөн Гейдар Алиевдин жаркын элесине арналган “Алтын Гран-при” мелдешинде 2-орунду алган.

2014-2015-жылдары чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медал уткан. Бир жылдан кийин бул мелдештин баш байгесин утуп Азия чемпиону болду. Ал кыргызстандык кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча жаштар жана чоңдор арасында алгачкы Азия чемпиону болуп, тарыхта калды.

Айсулуу Тыныбекованын март айында Астанада өткөн азиялык-лицензиялык мелдештеги күрөштөрү тууралуу видео баянды сунуш кылабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG