Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Президент кандай үй салып атат?


Президент Алмазбек Атамбаев өзүнө үй салып жатат деп интернет сайттарга чыккан кабар элдин бүйүрүн кызытты.

Президент Бишкектин түштүк тарабындагы Кой-Таш айылына үй салып жатат деген кептин чын-төгүнүн билүү үчүн аталган айылга жөнөдүк. Кой-Ташка алып барган жол эки жыл мурда оңдолгон экен, жээктеги чөптөр тегизделип, бактар кыркылып, иретке келтирилген. Мамлекет башчынын туулуп-өскөн Арашан айылы да Койташтын жанында жайгашкан.

Жергиликтүү эл президенттики делген курулуш жүрүп жаткан имаратты тез эле көрсөтүп беришти. Кой-Таш айылы бүткөн жолдун жээгиндеги бийик дубалдуу ак имарат дароо көзгө урунат. Дубалда аралыгы жакын жайгашкан видео камералар, дарбазанын тушунда болсо, бир канча жеңил авто унаа токтоп турган экен. Аскер формачан күзөтчүлөр имараттын ичине кирүүгө уруксат бербеди. Өзүн Кубан деп тааныштырган айыл тургуну бул курулуш жөнүндө мындай кеп салып берди:

- Курулушу жүрүп жатканына үч ай болуп калды. Сентябрда ачылышы болот деп атышат. Атамбаевдин үйү, ошол салдырып жатканын баары эле билет. Камералар, көп кайтаруучулар бар. Тынбай иштеп жатышат. 16 же 17-сентябрда бүтөт экен дешүүдө.

Курулушу уланып жатат деген үй
Курулушу уланып жатат деген үй

Кубан сыяктуу эле башкалар да мамлекет башчы жакында кошуна болуп келет деп сүйүнүп турушкандай. Ажыбек аттуу дагы бир тургун жолдор түздөлүп, айыл таштандыдан тазаланып жатканына сүйүнөт.

- Таштанды, чөптөрдү тазалап жүрүшөт. Бир "ЗИЛ" машина, анан жумушчулар бат-баттан тазалап атышат окшойт.

Президенттик апараттын маалыматтык саясат бөлүмү Алмазбек Атамбаев там салып жатканы боюнча кепти тастыктаган да, четке каккан да жок:

- Менде бул боюнча толук маалымат жок экен. Ошентсе да, бир жагдайды айта кетейин: Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев былтыркы жыл боюнча толтурган декларациясында көп чыгым коротконун ачык көрсөткөнүн билесиздер, балким, анын себептеринин бири ушуга байланышкандыр. Ак эмгек менен тапкан кирешесин ким кандай максатта пайдаланарын өзү чечет эмеспи, - деди президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов.

Ак сарайдын алдында турган унаалар
Ак сарайдын алдында турган унаалар

Ажонун үй куруп жатканы жөнүндөгү маалыматтар социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан чагы. Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев там салуудан саясат издегендерди сындады:

- Президенттиктен кетем деп күн санап отурат. Ал кызматтан кеткенден кийин бир өзүнчө жашайт да. Бул жерде эч бир маселе көргөн жокмун. Бул эптеп эле сындап калыш керек болгондордун кеби.

Ушундай эле пикирди айткан коомдук ишмер Алмаз Акматалиев эл алдында жүргөн адамдардын жашоосу дайыма коомчулукту кызыктырып турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш дейт.

- Ар бир жарандын там салуу укугу бар. Бирок эл көзүндө жүргөн адамдардын жашоосу жарандарга кызык боло берет. Анын тамы барбы, аялы ким, ким менен куда-сөөк деп териштире беришет. Анан бул жерде коррупция барбы, кайсы каражатка салып жатат деп айрымдарга кызык болсо керек. Мисалы, мен үчүн бул нерселер кызык эмес.

Былтыркы жылы өлкө жетекчисинин тапшырган декларациясына ылайык, 2015-жылдагы кирешеси 1 298 448 сомду түзсө, чыгашасы 34 миллион сом болгон. Ошондой эле Атамбаевдин менчигинде 2,7 гектар жери, анда аянты 116,34 чарчы метрди түзгөн курулушу бар экени маалымдалган. Мындан тышкары президент өсүмдүктөр тигилген 6,4 гектар жер аянтынын жана жоопкерчилиги чектелген ири компаниянын ээси.

Тунгуч президент Аскар Акаев китепкана болот деп, өзүнө заңгыраган имарат салдырган. 2005-жылкы окуялардан кийин соттун чечими менен ал имарат мамлекетке өткөн. Ал эми 2010-жылы ыңкылапта кызматтан кеткен президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык делген 47 объект улутташтырылган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG