Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Түркия: полиция участогунун жанында жардыруу болду


Жардыруудан кийинки куткаруу иштери.
Жардыруудан кийинки куткаруу иштери.

Жардыргыч зат салынган автоунаа Иран менен чектешкен Ван провинциясындагы полиция участогунун жанында 18-августка караган түнү жардырылганын түрк булактары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, чабуулга алынган мекеме полициянын казармасы катары колдонулуп келген. Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу кабар түшө элек. Полиция жана "Тез жардам" кызматы окуя болгон жерде иштеп жатат. Anadolu агенттиги жардырууну Күрт жумушчулар тобу уюштурушу ыктымалдыгын билдирди.

Күрт жоочулары полиция бөлүктөрүн жана коопсуздук күчтөрүнүн имараттарын жардырууга маш экени айтылууда.

Түркиянын түштүк-чыгышындагы кырдаал былтыр июлда расмий Анкара менен Күрт жумушчулар партиясынын ортосунда элдешүү келишими үзүлгөндөн бери курчуду.

XS
SM
MD
LG