Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

Айтыш сынагы боюнча Маданият министрлиги түшүндүрмө берет


15-августта Эл аралык экинчи Көчмөндөр оюнун утурлап эл аралык “Айтыш” сынагынын тандоо туру өттү.
15-августта Эл аралык экинчи Көчмөндөр оюнун утурлап эл аралык “Айтыш” сынагынын тандоо туру өттү.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева “Айтыш” сынагынын биринчи айлампасы, анда акындардын тандалышы тууралуу түшүндүрмө берүүнү Маалымат, туризм жана маданият министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаковго тапшырды. Ага ылайык, аталган министрлик “Айтыш” коомдук фонду менен бирге коомчулукта кызуу талкуу жараткан сынактан кийин жаралган суроолорду иликтешет. Ошондой эле иликтөөнүн жыйынтыктары менен элди тааныштырууга милдеттендирген.

15-августта Эл аралык экинчи Көчмөндөр оюнун утурлап эл аралык “Айтыш” сынагынын тандоо туру өткөн. Ага 31 акын катышкан. Аягында Аалы Туткучев баш болгон айрым акындар калыстар тобуна нааразылыгын билдирип, эл аралык айтышка катышуудан баш тартышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG