Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Улуу Британиянын өкүлү Майкл Тэйтам Кыргызстанда


18-августта Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча департаментинин жетекчиси Майкл Тэйтам Бишкекке келди. Үч күндүк сапарынын алкагында Майкл Тэйтам кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин Улуу Британия менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобу менен жолугушат. Мындан тышкары Тэйтам Кыргызстандагы жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу каралган.

Майкл Тэйтам иш сапарында ошондой эле “Чивнинг” программасы аркылуу Улуу Британияга окууга өткөн студенттер менен жолугат.

19-августта ал Ош облусуна барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугат. Андан тышкары чектеш аймактарда туруктуулукту арттырууга багытталып, Британия тарабынан каржыланган долбоорлор менен таанышат.

Бул тууралуу Британиянын элчилигинен маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG