Линктер

Лейлек районунун Бешкент айыл аймагында ушул жылдын 27-мартында жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өтүп, 21 депутат шайланган. Ал эми айыл аймак башчысын шайлоо 11-майга белгиленип, депутаттар аны шайлай алышкан эмес. 7-июнда да шайлоо болуп, экинчи жолу да депутаттар жергиликтүү бийлик башчысын шайлай алган эмес болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо мыйзамдарына ылайык, 18-августта эки жолу айыл аймак башчысын шайлай албай калган айылдык кеңештин депутаттарын таркатуу чечимине келди.

Буга чейин Бешкент айылдык кеңешинин депутаттары БШКга кайрылып, жергиликтүү кеңешти таркатпай туруп, айыл аймак башчысына кайра шайлоого мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнгөн болчу.(JsA)

XS
SM
MD
LG