Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Орусияда шайлоого даярдык боюнча миңдин тегерегинде арыз түштү


Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилованын 18-августагы билдирүүсүнө караганда, түшкөн арыздардын ичинен 169у чечилди, 298и боюнча текшерүү жүрүүдө. Жалпысынан Мамлекеттик Дума жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүүдөгү кемчиликтер жана мыйзам бузуулар боюнча миңдин тегерегинде арыз каттоого алынган.

Памфилованын маалыматы боюнча, шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн 117 чет өлкөлүк байкоочу катталды. Алардын катарында КМШ мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынан, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунан жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынан келген байкоочулар бар. ЕККУ Орусиядагы шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Норвегиянын мурунку тышкы иштер министри Ян Петерсен баштаган 80 узак мөөнөттүк, 420 кыска мөөнөттүк байкоочу жиберерин кабарлаган. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG