Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Башкы штаб: Аскерлер чек арада чуу салды деген маалымат калп


Кыргыз-өзбек чек арасы

Кыргыз-өзбек чек арасы

Кыргызстандын Башкы штабы Өзбекстандын айрым маалымат каражаттары “кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын атайын даярдыктагы аскерлери тополоң салды” деп жазган маалыматты жокко чыгарды. Бул тууралуу Башкы штабдан “Азаттыкка” маалымдашты. Маалыматка ылайык, “Скорпион” отряды бар, бирок алардын базасы өлкөнүн түштүк тарабына жайгаштырылган эмес.

Спутник-Өзбекстан сайты 13-август күнү Кыргызстандын атайын даярдыктагы “Скорпион” деп аталган отряддын аскерлери кыргыз-өзбек чек арасындагы "Дамба-5" бекетине барып, суу сактагычты кайтарып турган өзбек милиция кызматкерлерине тиш кайрап, аталган жер кыргыздарга тиешелүү экенин айтып, суу сактагычка кирүүгө аракет кылган деп жазган. Өзбекстандын Ички иштер башкармалыгы бир милиция кызматкери барымтага алынып, Кыргызстан тарапка киргизилип кеткендигин билдирди.

Бирок “Азаттыктын” өзбек кызматына "Дамба-5" бекети жайгашкан Касансай райондук милициясы жана акимчилиги, Наманган облустук ички иштер башкармалыгы да мындай маалымат жоктугун билдиришкен.

Ал эми Кыргызстандын милициясындагы жеке булактар өзбекстандык милиционер Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз басып өткөнү үчүн 13-августта кармалганын маалымдоодо.

Кыргыз өкмөтү быйыл май айында Совет заманынан бери Өзбекстан пайдаланып келген 12 объектти толугу менен өлкө менчигине өткөрүп алган. Ал тизменин башында Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы турат.

Бирок Орто-Токой суу сактагычын азыр да өзбек аскерлери кайтарып турганы айтылып келет. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG