Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

Кылычбек Султанов Малайзиядагы элчи кызматынан бошотулду


Кылычбек Султанов
Кылычбек Султанов

Бул тууралуу жарлыкка 18-августта президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалыматтык саясат бөлүмү жарыялады.

Кылычбек Султанов Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы экенин билдирип, Кыргызстандын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотуу өтүнүчү менен 17-августта президенттин атына арыз менен кайрылган.

Султановдун арызы тууралуу маалыматтан кийин, Тышкы иштер министрлиги жыл аягына чейин Кыргызстандын чет мамлекеттердеги натыйжалуу иш алып барбаган айрым мекемелерин жабуу жана кыскартуу пландарына ылайык, Малайзиядагы элчилик да жабылуу же кыскаруунун алдында турганын, бул тууралуу элчи Кылычбек Султановго июль айында кабарланганын билдирген. Кылычбек Султанов Малайзиядагы элчилик жабылары тууралуу эч кандай кабары болбогонун “Азаттыкка” курган маегинде айтты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG