Линктер

Бул тууралуу Спорттук арбитраж сотунун (САС) допингге каршы бөлүмүнүн билдирүүсүндө айтылат.

Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковдун допинг-тести оң натыйжа берип, стрихнин аттуу кызытманын бардыгы аныкталган. Ошого байланыштуу ал Рио-2016 Олимп оюндарынан четтетилди. "Артыковдун коло медалы жокко чыгарылып, кайтарып алынышы керек" деп жазылат билдирүүдө.

Тарыхта САСка алгачкы жолу допинг иштери боюнча акыркы инстанциянын милдеттери жүктөлгөн. Жаңы структурага ылайык САС кызытма колдонуу учурларын териштирип, корутунду чыгарууга укуктуу. Жобого ылайык САСтын корутундусун Риодогу САСтын атайын бөлүмүнөн же Олимп оюндары аяктаган соң Лозаннадан аппеляцияга берүүгө болот.

Оор атлетика боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров "бул тууралуу маалыматы жок, андай болушу мүмкүн эмес" деген пикирин "Азаттыкка" билдирди.

Иззат Артыков жеңген коло медал Кыргызстан үчүн ушул күнгө чейин жалгыз байге болчу. Артыков оор атлетика боюнча 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, Кыргызстанга алгачкы жеңишти алып келген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG